“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун ипотекалык насыяларды берүүнүн жүрүшү тууралуу 2016-жылдын 12-августуна карата маалыматы.

12 Августа 2016

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому (мындан ары “МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун чегинде ипотекалык каржылоонун төмөнкүдөй моделдерин иштеп чыкты:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарына ипотекалык насыяларды коммерциялык банктар аркылуу берүү.

  1. “Жеке турак жайды куруу” моделин ишке ашыруу.
  2. Программаны арзан турак жайларды куруу жана “Турак жайды андан ары сатып алуу шартында ижарага берүү” ипотекалык насыялоо моделин ишке киргизүү аркылуу жүзөгө ашыруу.


1. Ипотекалык насыяны коммерциялык банктар аркылуу берүү.

№1-моделди ишке ашырууда “МИК”ААК тарабынан төмөнкүдөй  иш-чаралар аткарылды:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123-токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндөубактылуу жобо бекитилип, анда жарандарды тандоонун, ипотекалык насыялоонун шарттары, алына турган турак жайга талаптар аныкталган.

Республиканын бардык областтарынан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан келип түшкөн жалпы тизме Ведомстволор аралык комиссия(мындан ары ВАК) тарабынан каралып чыккандан кийин, 2016-жылдын 25-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын бардыкаймактары боюнча ипотекалык насыялар бериле баштаган.

-ВАК тарабынан 2016-жылдын 16-мартында каралган тизмеде 185 адам.

- ВАК тарабынан 2016-жылдын 20-майында каралган тизмеде 773 адам.

- ВАК тарабынан 2016-жылдын 30-июнунда каралган тизмеде 3726 адам.

Жалпы тизмеге ылайык Программанын республика боюнча катышуучуларынын саны  4 684 адамдан турат. Учурда  банктар тарабынан берилген насыяларды аймактар боюнча караганда, төмөнкүдөй:

 

       

       

       

        

Насыя үчүн төлөөнүн орточо алынган суммасын аймактар боюнча караганда:

Бүтүндөй алганда,  ипотекалык насыя алган бардык катышуучулар боюнча насыянын орточо суммасы 1 035 240,71сом. Насыянын сунушталган суммасынан иш жүзүндөгү суммасы 60%.

Компаниянын кызматкерлери тарабынан Программанын катышуучулары боюнча алардын статусун тактоо иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп жатат, алып карасак:

Программанын 2016-жылдын 30-июнундагы 3726 катышуучусунун  тизмеси боюнча ар бир катышуучуга алардын тизмеде экендиги, өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык насыяларды алуунун  жолдору тууралуу  маалымдоо иштери  жүргүзүлүп жатат.

Программанын катышуучулары менен иштөө процессинде алардан төмөнкүдөй арыздар кабыл алынат:

ипотекага алынуучу турак жайдын наркынан 10% жана андан көп өлчөмдө алгачкы төлөмдү төлөөгө ошол учурда мүмкүнчүлүгү жоктугунан, ипотекалык насыя алуу мөөнөтүн (негизинен бир жылга чейин) узартуу  өтүнүчү менен, азыркы учурда мындай арыздар 389 адамдан кабыл алынды;

негизинен элет жерлеринде Программанын катышуучуларынан жер тилкелерине турак жайларды куруу максатындаипотекалык насыяларды алууга 123 катышуучудан арыздар кабыл алынды;

турак жайдын санитардык нормаларга туура келбегендигинен, үй бүлөнүн ар бир мүчөсүнө каратастандарттык норма -12 чарчы метрден (Кыргыз Республикасынынтурак жай кодексинин 45-статьясы) төмөн болуп калгандыктан улам жашап жаткан турак жайды кеңейтүүгө 140 катышуучудан арыз кабыл алынды;

катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү төмөн, алгачкы төлөмдүн жоктугунан улам баш тарткан 526 катышуучудан арыз кабыл алынды/ алынат, мындакатышуучулар менен иштөө жана алардын статусун тактоодо алардын статусу өзгөрүшү мүмкүн.

Программанын төмөнкү катышуучуларында  арыздары боюнча абал мындай:

банкка документ тапшырышкан жана тиешелүү турак жайларды издеп жүрүшөт – 97 катышуучу;

документтерди топтоо процессинде турушат – 889 катышуучу;

Башка (банкка кайрылбагандар, телефонго жооп бербегендер ж.б.) – 448 адам.

 Программанын катышуучуларына ипотекалык насыя берүүдө ишти артка тартып жаткан себептер:

Алгачкы төлөмгө тиешелүү сумманын жоктугу (турак жай наркынан 10-30%).

Бишкек шаарындагы экинчи рынокто турак жайлардын наркынын Программада белгиленген чарчы метрге лимиттен ашып кетүүсү (600$).

Биринчи рынокто эконом-класс турак жайларынын параметрлерине шайкешдаяр турак жайлардыназ санда болушу (жалпы аянты 70 чарчы метрге чейин).

Өлкөнүн аймактарында жаңы турак жайлардын жокко эсе же аз санда болушу.

Катышуучулардын турак жайларды өлкөнүн ири шаарларынан (Бишкек, Ош) алуу табитинен улам баш тартуулары.

Катышуучу менен чогуу жашап жатышкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн (аялы/күйөсү) турак жайга ээ болушунун бети ачылышы

Талдоолор жыйынтыгы Бишкек шаары боюнча  экинчи рынокто 104 жана 105 сериясындагы  бир жана эки бөлмөлүү батирлердин 1 чарчы метринин наркы тиешелүүлүгүнө жараша  700дөн 900 АКШ долларына чейин экенин көсөтүүдө.  Экинчи рынокто Программанын шарттарына  ылайык келген турак жай параметрлери боюнча батирлер аз (70 ч.м. төмөн).  Пайдаланууга берилбеген, албетте, укуктуулукту тастыктаган документтери жок, бирок кирип жашай берүүгө боло турган үйлөр бар. Жогоруда аталган фактылар Программанын катышуучулары үчүн тандоонун олуттуулугун шарттап, алардын нааразылыгын да пайда кылууда.  

МИК  учурда  пайдаланууга бериле элек, бирок үлүштүк катышуу Келишминин негизинде  жашоого жарактуу  жаңы үйлөрдө  ипотекалык насыяларды берүү боюнча курулуш компаниялары жана  банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

2.“Жеке турак жайды куруу” моделин ишке ашыруу

Бул модель турак жай курулушуна ылайыктуу жер тилкеси баржарандар үчүн каралган. Бул моделди

негизинен өлкөнүн  аймактарында  андан ары кеңири жайылтуу үчүн тиешелүү материалдар даярдалган.  Бул моделдин өзөгү - турак жай курууда  бардык кызыктар тараптардын тобокелдик балансын  камсыз кылуу үчүн турак жайларды  этабы менен каржылоо.

Азыркы учурда  бул моделди  жайылтуу боюнча биздин өнөктөш банктар менен  кошумча

келишимдер түзүлүп,  алар өз иш-аракеттеринде жеке турак жайды курууга  жаңы насыя продуктусун  иштеп чыгып, колдонуп жатышат.

3.Арзан турак жайларды куруу

“Арзан турак жайды куруу” боюнча моделди ишке ашыруунун чегинде “МИК” ААК эконом-класстагы  турак жайларды кура турган курулуш компаниялар арасында  тендер өткөрөт. Учурда тендердик документациялар даярдалып жана долбоордук-сметалык  документациялар экспертизадан өткөрүлүп жатат.

Буга чейин Россия–Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен МИКтин ортосунда Меморандумга ылайык сынактык долбоор катары  Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол, Токмок, Баткен шаарларында үч-подъездүү, 60 батирлүү 7 үйдү курууну баштоону пландаштырылган.  Россия–Кыргыз өнүктүрүү Фонду  курулуш боюнча өз позициясын карап чыккандан кийин,   МИК  арзан турак жайларды куруу боюнча  иштерди өз алдынча улантуу чечими кабыл алынган.

“МИК” ААК өзүнүн турак жай фондун  камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар  менен өз ара тыгыз аракеттенүү аркылуу  эконом-класс турак жайларын куруу механизмдерин пландаштырат.

 

 

 

 

// // //