Өлкөдө “Жеткиликтүү турак-жай” программасы боюнча 132 адам ипотекалык насыя алды

27 Июля 2016

 

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Кыргызстанда «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык насыяны учурда жалпысынан 126 млн сомго 132 адам алды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, учурда насыя берүүнүн жалпы портфели 132 адамды түзөт. Алардын ичнен «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык насыяларды Бишкек жана Ош шаарларынан 27 киши, Чүй облусунан 19, Таластан 5, Нарындан 5, Ысык-Көлдөн 21, Оштон 2, Жалал-Абаддан 21, Баткенден 5 адам алышты.

“Берилген ипотекалык насыялардын жалпы суммасы 126 млн сомду түздү. Программанын тизмесинде 4 миң 648 адам катталган. 247 адам ипотекалык насыя алуудан баш тартышты. Алардын ар кандай себептери бар. Көпчүлүгүнүн бул насыяларды тейлөөгө каражаттары жетпейт”,-деди Б.Шамкеев.

Компаниянын башчысынын маалыматына караганда, «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы боюнча ипотекалык насыя берүүнүн төмөнкүдөй каржылык модели иштелип чыккан: “Кыргызстандын жарандарына ипотекалык насыя комбанктар аркылуу берүү”, “Индивидуалдык турак-жай моделин ишке ашыруу”, “Жеткиликтүү турак-жай курулушу аркылуу программаны ишке ашыруу жана “Кийин сатып ала турган ижаралык турак-жай” ипотекалык насыялоо моделин ишке кийирүү”.

http://www.kabar.kg/rus/economics/full/109100

// // //