“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун ипотекалык насыяларды берүүнүн жүрүшү тууралуу 2016-жылдын 27-июлуна карата маалыматы

28 Июля 2016

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому (мындан ары “МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун чегинде ипотекалык каржылоонун төмөнкүдөй моделдерин иштеп чыкты:

Кыргыз Республикасынын жарандарына ипотекалык насыяларды коммерциялык банктар аркылуу берүү.
“Жеке турак жайды куруу” моделин  ишке ашыруу.
 Программаны  арзан турак жайларды куруу жана “Турак жайды андан ары сатып алуу шартында ижарага берүү” ипотекалык насыялоо моделин ишке киргизүү аркылуу жүзөгө ашыруу.

Ипотекалык насыяны коммерциялык банктар аркылуу берүү. ​

№1-моделди ишке ашырууда “МИК”ААК тарабынан төмөнкүдөй  иш-чаралар аткарылды:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123-токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө  убактылуу жобо бекитилип, анда жарандарды тандоонун, ипотекалык насыялоонун шарттары, алына турган турак жайга талаптар аныкталган.

Республиканын бардык областтарынан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан келип түшкөн жалпы тизме Ведомстволор аралык комиссия  (мындан ары ВАК) тарабынан каралып чыккандан кийин, 2016-жылдын 25-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын бардык  аймактары боюнча ипотекалык насыялар бериле баштаган.

-ВАК тарабынан 2016-жылдын 16-мартында каралган тизмеде 185 адам.

- ВАК тарабынан 2016-жылдын 20-майында каралган тизмеде 773 адам.

- ВАК тарабынан 2016-жылдын 30-июнунда каралган тизмеде 3726 адам.

 

Жалпы тизмеге ылайык Программанын республика боюнча катышуучуларынын саны  4 684 адамдан турат. Учурда  банктар тарабынан берилген насыяларды аймактар боюнча караганда, төмөнкүдөй:

 

 

 

 

 

 

 

 

// // //