АКТКМА жана “МИК”ААК ортосунда курулуш тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду

25 Июля 2016

2016-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мамбетов Турдубек Мамбетович жана “Мамлекеттик Ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын  торагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович курулуш тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол кюшту.

 

Меморандумга кол коюнун максаты - 2010-жылдагы  окуялардын натыйжасында жапа чеккендерди турак жай менен кампсыз кылуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын  ишке ашыруу.

Меморандумдун чегинде тараптар Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда  коп батирлүү үйдүн курулушун,  Ош, Джалал-Абад, Талас, Нарын, Каракол, Токмок, Баткен шаарларында эки подьездүү 60 батирлүү 7 үйдү курууну пландаштырып жатышат.

Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда коп батирлүү үйдүн курулушу аяктары менен, анын бир бөлүгү 2010-жылдагы окуялардын натыйжасында жапа чеккендерге, калган батирлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын катышуучуларына ипотекалык насыянын шарттарында  бериле тургандыгы каралууда.

// // //