Суроо-жооп

  • Нарын шаарындагы московский аймагындагы жаны салынып жаткан этаж уй качан элге берилет.
    Саламатсызбы,берилип жатат.
    «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК-у Нарын шаарындагы 60 батирлүү 5 кабаттуу турак жайды эксплуатацияга берүү жөнүндө жарыялайт.

    Батирлер бюджеттин мекемелердин гана өкүлдөрүнө ижара менен сатып алуу механизмы менен берилет.(бир жана эки бөлмөлүү батирлер)

    Программага катышуу учун талаптар:

    Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
    Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же соңку иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
    Программага катышуучуда, катышуучунун куйөсүндө(аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген кунгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
    Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүулугу. (0312) 988901
  • биз МИКге уй алуу боюнча арыз жонотконбуз кутуп атабыз жообу качан келет
    (0312)610662,988901 кайрылыңыз.
  • Саламатсыздарбы! Каржылоо качан болот.
    Саламатсызбы, азыркы учурда белгисиз.
  • Саламатсызбы? Мен Жунусов Уларбек Оролбекович сиздерге кат жаздым эле .Мен Президенттин атына кат жазып жообу келген.Ал жоопту ГИКке да кочурмосун жоноткон эле. Бир жума мурун мага чалып каттын кочурмосун сурашкан эле. Ошол бойдон кабар жок эмне болду билейин дедим эле. Жалал-Абадда жашагандарга качан 14% ипотека берилет тактак мааалымат берип койсонуздар мумкун болсо. Телефондорго байланыша албай жатабыз. Жунусов Уларбек 0777178817
    Саламатсызбы. Региондорго абдан жакшы программа ишке киргизилди.
    Кыргыз Республикасынын аймактагы жарандары (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) рыноктук пайызыдан төмөн ипотекалык насыялоого кеңири мүмкүнчүлүк алышат (турак жайдын баштапкы төлөмү 20%- дан кем эмес, пайыздык чен-10 %, мөөнөтү 15 жыл.)
    Программанын алкагында үч негизги багыт менен ипотекалык насыя камсыздоонуда:
    • Турак жай сатып алуу - "Кут конуш";
    • Экинчи турак жай рыногунан турак жайды сатып алуу, жана турак жайды андан ары реконструкциялоо -"Бек үстүн;.
    • Жеке турак жай курулушун каржылоо - "Ашар".
    Турак жай каржылоо программасы алкагында катышуучулары жаңы турак жай сатып алууга, жаны турак жайды кеңейтүү жана реконструкциялоого ошондой эле өзуңун участкасында жеке турак жай курууга мүмкунчүлүгү бар.

  • Саламатсыздарбы! Мамлекеттик кызматкердин мамлекеттик ипотека эмес башка компаниядан алган ипотекалык кредитин рефинансирование кылып, мамлекеттик ипотека компаниясынан кредит алса болобу? тел. 0707826884 Сагын
    http://gik.kg/ky/borrowers/criteria/ Жок, талаптарга туура келбейт.
  • Саламатсыздарбы? Мен ипотекага документ даярдап жаттым эле жашым 30 да, учурда бойдокмун талаптарын айта кетесиздерби, гос жумушта эмгектенем 8 жылдан бери айлык маянам 7500 сомду тупой. Эки уч болмолуу батир ала аламбы?
    Саламатсызбы , талатпары сайта аныкталган. http://gik.kg/ky/borrowers/criteria/
  • ОАО СЕВЕРЭЛЕКТРОДО иштегендерге алса болобу??
    "Жеткиликтуу ипотека" багыты боюнча 14 % пайыз менен алсаныз болот, мөөнөтү 15 жыл.
  • Саламатсыздарбы.Ипотекалык кредит алыш учун кандай аракеттерди жасоо керек? Мен мектепте мугалим болуп иштейм. Бизге кандай женилдиктер болот? Менин жер тилкем бар. Ошол жер тилкеге ипотекалык кредит алып, уй салсам болобу? Шарттары кандай болот?
    Саламатсызбы,сиз телефондон толук маалымат алсаныз болот. 0312988901,610662
    Албетте жеке уй курууга насыя алсаныз болот, биздин сайтыбызда маалымат бар. http://gik.kg/ky/borrowers/criteria/
  • саламатсыздарбы. жеке менчик мектепте иштегендерге программага катышууга мумкунбу?
    Саламатсызбы, азырынча ипотеканы мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткандар алып жатышат
  • Ипотекалык насыянын жогорку суммасы канча?
    Насыя 3 000 000 (үч миллион) сомго чейин берилет.

Задайте ваш вопрос:

Секретный код!