Суроо-жооп

  • саламатсыздарбы. жеке менчик мектепте иштегендерге программага катышууга мумкунбу?
    Саламатсызбы, азырынча ипотеканы мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткандар алып жатышат
  • Саламатсынарбы, "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучулары милдеттүү түрдө мамлекеттик, медицина жана билим берүү тармагындагы кызмат кылган жарандар гана катыша алабы? Эл аралык жеке компаниядагы кызмат кылган жарандар "Арзан турак жай 2015-2020" программасынына катышууга мүмкүнчүлүгү барбы? Умаралиев Урмат Азанбекович
    Саламатсызбы!
    Урматтуу Урмат Азанбекович, суроо узатканыңызга рахмат жана сурооңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз:
    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун (мындан ары – Убактылуу жобо) шарттарына ылайык,
    Ипотекалык кредит алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
    Өзгөрүүлөр болуп калган учурда, кошумча маалымдайбыз. Кызуу байланыш телефону (312) 62-14-34.
    Урматтоо менен, “МИК” ААК
  • Саламатсызбы! Мен"Себат" билим берүү мекемесинде 9 жылдан бери математика мугалими болуп иштеймин, 32 жаштамын. Жолдошум ушул эле мекемеде 14 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Бизге Мамлекеттик ипотека жардамы берилеби?
    Урматтуу Сирень Аманбековна, сурооңузга рахмат жана сурооңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: Сиздин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуусу болууга мүмкүнчүлүгүнүз бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) менен таанышсаңыз болот, дареги: http://gik.kg/ky/commission/full/12.html
    Өзгөрүүлөр болуп калган учурда, кошумча маалымдайбыз.
    Кызуу байланыш телефону (312) 62-14-34.
    Урматтоо менен
    “МИК” ААК

  • Саламатсыздарбы, мисалы биз мамлекеттик кызматта иштеп, кезекке жумуш ордубуздан турсак, арыз таштоо учун документтердин арасында "катышуучу тарабынан толтурула турган арызды" кайдан алсак болот?
    Урматтуу Мирлан, сурооңузга рахмат жана сурооңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: Сиз бардык тиешелүү документтер толук топтолуп, даярдалгандан кийин арызды иштеген мекеме-уюмдун алдында тузүлгөн турак жай маселеси боюнча комиссияга эркин турдө жазасыз. Арыз, бардык тиешелүү документтер толук топтолуп, даярдалгандан кийин гана жазылат. Кызуу байланыш телефону (312) 62-14-34.
    Урматтоо менен
    “МИК” ААК
  • Саламатсыздарбы, бизге презентация өткөндө ипатекалык насыя алууда таблицалык форма корсөткөн эле ушул таблицанын ар бир графасын толук толтурсанар деген эле ошол таблицалык форманы сайттан таба албай жатам, кантип тапсам болот?
    Урматтуу Майрам, сурооңузга рахмат жана сурооңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: Сиз сураган тизмени тузүү боюнча үлгү формасын мамлекеттик райондук же шаардык администрациянын жооптуу кызматкерлери толтурат. Сиз ипотека насыясын алуу боюнча тизмеге кирүү үчүн документтерди мамлекеттик райондук же шаардык администрацияга тапшырасыз. Өзгөрүүлөр болуп калган учурда, кошумча маалымдайбыз. Кызуу байланыш телефону (312) 62-14-34.

    Урматтоо менен
    “МИК” ААК
  • Саламатсыздарбы, мекемеде иштеген кызматкерлердин документтерин (ипотекага) кайда жана кимге өткөрөбүз?
    Урматтуу Алмазбек Байбориев, суроо узатканыңызга рахмат жана сурооңуз боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун (мындан ары – Убактылуу жобо) Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды тандоо тууралуу 4-пунктун, 9-кичи пунктуна ылайык, -Мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштеген жарандар Программага катышуу үчүн арызды жана ушул Убактылуу жобонун 7-пунктунда аталган документтерди иштеген жерине берет. Өзгөрүүлөр болуп калган учурда, кошумча маалымдайбыз. Кызуу байланыш телефону (312) 62-14-34.
    Урматтоо менен
    “МИК” ААК
  • Ипотекалык насыянын мөөнөтү канча?
    Насыя 15 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет.
  • Ипотекалык насыянын жогорку суммасы канча?
    Насыя 3 000 000 (үч миллион) сомго чейин берилет.
  • Ипотекалык насыянын максаттуу багыты?
    Турак жай сатып алуу. Жашаган жери боюнча калктуу пунктта жер тилкеси болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу аркылуу турак жай (өз үйүн) куруу.
  • Алгачы төлөмдүн шарты кандай жана пайыздык чендердин суммасы эмнеге көз каранды?
    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы №409 буйругуна ылайык, пайыздык чендердин төмөндөөсү Программанын катышуучуларынын алгачкы төлөмүнөн көз каранды. Атап айтканда, 30%дан жогору төлөм учурунда даяр турак жайды сатып алууга же жеке турак жайды курууга насыянын пайыздык чени жылдык 10% түзөт. Алгачкы төлөм 20%-30% өлчөмүндө насыянын пайыздык чени жылдык 11%. Ал эми, алгачкы төлөмдүн 10%дан 20% чейинки суммасында же анын ордуна ушул суммага ылайык күрөө предмети коюлганда насыянын пайыздык чени жылдык 12% барабар болот.

Задайте ваш вопрос:

Секретный код!