"Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча тандоо

“Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча ипотекалык насыяларды “Арзан турак жай 2015-2020” Программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө Убактылуу жободогу жалпы тандоо талаптарына, тандоо механизмдерине жана “МИК” ААКнун кошумча талаптарына жооп берген жарандар ала алат.

“МИК” ААКу аталган багытты ишке ашыруу үчүн кошумча финансылык каражаттарды тартуу боюнча иш чараларды жүргүзүүдө.  Жакынкы арада “Жеткиликтүү ипотека” багытын каржылоого ипотекалык баалуу кагаздардын чыгарылышы жана сатылышы пландаштырылууда. Аталган багыттын пайыздык чени тартылган ресурстардын баасынан, “МИК” ААКнун жана өнөктөш банктардын маржасынан түзүлөт, ошентип акырында пайыздык чен болжол менен жылдык 14-16 %ды түзүшү мүмкүн.  Насыялоо мөөнөтү 15 жылга чейин, алгачкы салым сатып алынуучу турак жайынын наркынан 20 % кем эмес. Убактылуу жобого ылайык, Программанын катышуучуларына жаш курагы, турак жайынын жоктугу жана турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катталбагандыгы сыяктуу жалпы талаптар күчүндө калат.

Ипотекалык баалуу кагаздарды жайгаштыруусунан тартылган финансылык каражаттарынын чектелгендигине байланыштуу, ар бир облуска белгиленген квота берилет жана кийинки чектөөлөр коюлат:

Бишкек жана Ош шаарларында иштеген жарандар Программага “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча катыша албайт;
катышуучулар Бишкек жана Ош шаарларында турак жай ала алышпайт;
ипотекалык насыялар даяр турак жайды сатып алууга гана берилет.

Бүгүнкү күндөн баштап Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасынын “Арзан ипотека” багыты боюнча катышуу үчүн жарандар турак жай маселелери боюнча комиссия тарабынан кароого шаардын мэриясына жана жашаган жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга анкета-арызды жана документтерди берише алат.

Катышуу шарттары менен жана керектүү документердин тизмеси менен кийинки шилтемеге өтүп, таанышсаңыз болот.

"Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча тандоо