«Коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык насыялоо» модели

1-кадам    Кыргыз Республикасынын жарандары турак жай маселелери боюнча комиссия тарабынан кароо үчүн шаарлардын мэрияларына (Бишкек шаарынын мэриясынын кошпогондо), Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациясына же жашаган жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга анкета-арызды жана документтерди “Арзан турак жай 2015-2020” Программасына катышуучулардан турган тизмени түзүү үчүн беришет.

2-кадам     Катышуучулардын толук ырасталып топтолгон тизмелери, анкета арыздары, катышуучулардын паспортторунун көчүрмөлөрү “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКга андан ары кароо, тизмелерди бекитүү жана  “МИК” ААКнун  расмий сайтына жайгаштыруу үчүн берилет.

3-кадам              Мамлекеттик Ипотекалык Компания катышуучулардын тизмелерин карап, бекиткенден кийин өнөктөш банктарга кароо жана ипотекалык насыя берүү үчүн жөнөтөт.

Андан ары катышуучу өнөктөш банктарга кайрылып, кароого документтерди сунуштайт жана турак жайга карата бекитилген талаптарга ылайык өзү каалаган турак жайды тандоого киришет

4-кадам              Өнөктөш банктардын канаттандыраарлык чечими чыккандан соң,   катышуучу  алгачкы салымын төлөп, ипотекалык насыя алат.