- Биринчи бет
- Кредит алуу үчүн
- Катышуучуларды тандоонун критерийлери
Катышуучуларды тандоонун критерийлери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасынын катышуучуларын тандоо критерийлери:
- Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык кредиттин акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
- Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
- Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу;
- Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү.
- Программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо турак жай маселелери боюнча комиссия биринчи кезекте ипотекалык кредит алуу укугун төмөнкүлөргө берет: 5 же андан көп балдары бар, көп балалуу үй-бүлөлөргө; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга.
- Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2016-жылдын 20-майындагы 17-88 номерлүү чечимине ылайык, Программага катышуу үчүн бюджеттик бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге артыкчылык берилген.