Ипотекалык насыянын шарттары

“Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча (бюджеттик мекемелерде иштеген жарандар) ипотекалык насыялоонун шарттары:

“Даяр турак жайды сатып алуу” механизми

 

“Жеке турак жайды куруу” механизми

Насыянын валютасы – Кыргыз сому

Насыянын мөөнөтү – 5-тен 15 жылга чейин

Насыянын суммасы – 3 000 000 сомго чейин

Өздүк салым – сатып алынуучу турак жайдын баасынын 10% кем эмес 

Насыянын пайыздык чендери:

жылдык 7% – өздүк салымын 30% ашык төлөгөн учурда

жылдык 8% – өздүк салымын 20%-30%га төлөгөн учурда

жылдык 9% – өздүк салымын 10%-20%га төлөгөн учурда

 

 

Насыянын валютасы – Кыргыз сому

Насыянын мөөнөтү –  5-тен 15 жылга чейин (турак жайды куруу мөөнөтү 18 айга чейин)

Насыянын суммасы  – 3 000 000 сомго чейин

Өздүк салым – курулуштун сметалык наркынын суммасынан 20% кем эмес.

Милдеттүү түрдө жер тилкеси болуш керек

Насыянын пайыздык чендери

11% жылдык  – курулуш учурунда

7% жылдык  – курулуш бүткөндөн кийин

 

 

   

Өздүк салым эсебине кийинки чыгашалар кабыл алынат:

  • турак жайдын доолбоорун түзүү кызматына кеткен төлөм;
  • курулуш сметасын түзүү кызматына кеткен төлөм;
  • катышуучунун өз эсебинен сатып алынган курулуш материалдары;
  • бүтө элек үйдүн курулушуна  жумшалган чыгашалар.

Керек болгон документтер

  • мамлекеттик архитектура органдарында белгиленген тартипте макулдашылган типтүү же жекече долбоор (проект);
  • доолбоорго ылайык болгон курулуш сметасы.

Өздүк салым жок болгон учурда, банктын шарты боюнча кошумча күрөө коюуга мүмкүнчүлүк берилүүдө.
Өнөктөш-банктар тарабынан комиссия алынбайт.

“Арзан ипотека” багыты боюнча (бардык жарандар, анын ичинде жеке менчик чөйрөдө иштеген жарандар) ипотекалык насыялоонун шарттары:

“Даяр турак жайды сатып алуу” механизми

Насыянын валютасы – Кыргыз сому

Насыянын мөөнөтү – 5-тен 15 жылга чейин

Насыянын суммасы – 3 000 000 сомго чейин

Өздүк салым – сатып алынуучу турак жайдын баасынын 20% кем эмес 

Насыянын пайыздык чени – жылдык 14%