Ипотекалык насыянын шарттары жана Программага катышуу

11 Сентября 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасына катышуу

  • Программага катышуу үчүн жарандар турак жай маселелери боюнча комиссия тарабынан кароо үчүн жашаган жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга анкета-арызды жана документтерди беришет (арыз берүү үчүн документтер).
  • Программага катышуу үчүн арыз берген жарандардын тизмеси жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу турак жай комиссиясы тарабынан каралгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым  укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек шаарынын мэриясына бириктирилген тизме түзүүгө жөнөтүлөт.
  • “МИК” ААК тандоо критерийлерине дал келүүсүн текшерүү үчүн бириктирилген тизмелерди кабыл алат, бекитилген тизмелерди “МИК” ААК сайтка жарыялайт (тизмелер) жана өнөктөш-банктарга жөнөтөт (өнөктөш-банктар). 

Ипотекалык насыяны алуу.

Программанын катышуучусу каалаган өнөктөш-банктардын бирине кайрылат (өнөктөш-банктар).

Ипотекалык насыянын шарттары (шилтеме менен өтүңүз)